Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.09.2015 13:34

Айыл турмушу: Казак туугандар жоргомду 4 миӊ долларга сурашканда саткан жокмун, - саяпкер Н.Сурабаев (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Нурлан Сурабаевдин «Граф» аттуу кара жоргосун облус аймагындагы ат өнөрүн сүйүүчүлөрдүн баары билет.

Н.Сурабаев Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ал кара жорго бир катар райондук, облустук жана республикалык деӊгээлдеги ат оюндары боюнча мелдештерде алдыӊкы орундарды багынтып келет. Анын ээси Н.Сурабаев Караколдогу ат майданында  күлүктөрдү таптоо менен алектенет.

«Кара жоргону жарышка салганыма 2-3 жыл болуп калды.  Биринчи жолу Граф Ак-Суу районунда былтыр, 2014-жылы 23-февралда болгон ат оюндары боюнча мелдеште байге алып берди. Кара жорго 12 жоргонун ичинен маарага биринчи келди. Андан кийин Түп районунда Нооруз майрамында  15 жоргонун ичинен биринчи чыкты. Бишкекте да Казакстан, Нарын, Чүй, Ош, Ысык-Көлдөн катышуучулар келген эл аралык мелдешке катышкан. Анда төртүнчү болуп келди. Граф азыр жашы боюнча  эки асый жана табына келип турган кези. Буга чейин аны казактар 4 миң долларга сурашкан, бирок мен саткан жокмун. Алдыда 26-сентябрда Бишкекте ат оюндары боюнча  чоӊ мелдеш болот. Ошого катышууга даярданып жатам», - дейт саяпкер.

Түп районунун Кеӊ-Суу айылында туулган Н.Сурабаев Караколдогу ат майданында  күлүктөрдү таптоо менен алектенет. Ал эми анын негизги кесиби устачылык. Аттарга така жасап, орус ээр жасаганды мыкты өздөштүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×