Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Баткен облусуЛейлек району 09.09.2015 11:25

Айыл турмушу: Соодагерликти 19 жашында баштаган Лейлектин тургуну М.Абдрахмонов соодадан жакшы киреше алуунун сырларын айтып берди (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кайрагач айылынын тургуну 49 жаштагы Мырзарайм Абдрахманов 30 жылдан бери соода иши менен алектенет. Мен соода менен жашоо-турмушумду жакшы жолго кое алдым, деп билдирет ал Turmush басылмасына берген маегинде.

Анын айтымында, соода иши менен эр жеткенден тартып алектенип, мындан 15 жыл мурун өзүнүн чакан дүкөнүн ачкан.

«Алгачкы эмгек жолумду Советтер Союзу мезгилинде Кулунду айылдык керек-жарак коомунда баштадым. Соодагерчиликтин сырларын терең өздөштүргөн кезде СССР тарап жумуш орундар жоюлуп кетти. Кайра эле соодагерчиликти кесип тутуп, Интернационал айылында чакан дүкөн ачтым. Кийинчерээк ал жердеги дүкөндү жаап, Кайрагач айылындагы ушул дүкөндү ачтым», - деди соодагер.

Ал билдиргендей, азык-түлүк товарларын Тажикстандын жакынкы райондорундагы  жана Исфана шаарындагы базарлардан алып келет.

«Соодагерчилик жакшы кесип. Дүкөндү ачсаң эле акча түшүп турат. Мындан тышкары өзүңө керектүү тамак-ашты да кенен пайдалана аласың. Дүкөнгө барып сатып алуу, карызга жаздыруу деген жок. Болгон сыры эле адал соода жүргүзүп, кардарларды мыкты деңгээлде тейлөө керек. Дүкөндө тазалык, кардарга ыңгайлуу шарт түзүү негизги талаптардын бири. Азыр биздин дүкөндө спирт ичимдиктеринен башка бардык азык-түлүктүн, мөмө-жемиштин түрү бар. Суроо-талап болгон бардык товар табылат», - деди М.Абдырахманов.

Ал кошумчалагандай, күн сайын 6 миң сомго чейин соода кылат. Санитардык көзөмөлдөн өтүп, ай сайын салыкты төлөп тургандыктан жумушу үзгүлтүккө учурабай, 30 жылдан берки тиричилиги ушул иш аркылуу өтүп жатат. Үй-бүлөсүн жетиштүү деңгээлде багып, муктаждыктарынын барын чечип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×