Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуКара-Буура району 09.09.2015 10:33

Айыл турмушу: Кара-Буурадагы эң жаш таене — 38 жаштагы Айнура 7 кыз, 1 уулдун энеси (фото)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну 38 жаштагы Айнура айым 7 кыз, 1 уулдун энеси. Баатыр эне наамын алгам, бирок ушул убакка чейин алтын медалын берише элек, деп билдирди ал Turmush басылмасынын кабарчысына.

Анын айтымындай, Айнура айым райондогу эң жаш таене. Улуу кызы турмушка чыгып бир кыздын энеси болсо, эң кичүү уулу 1 жашта. Ал эми жолдошу Жакшылык 48 жашта.

GEDC7679

«Жолдошум кир жуугуч машина, муздаткыч өңдүү тиричилик техникаларын оңдоп, каражат таап, чоң үй-бүлөбүздү багып келет. Кыздарымдын бары мурда мектепке жоолук оронуп барышчу. Быйыл мектеп жашындагы кыздарга жоолук оронууга тыюу салып койду. Мен бул чечимге нааразымын», - деди баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×