Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Ош 09.09.2015 09:35

Айыл турмушу: Ош шаарынын 67 жаштагы тургуну Н.Хасанова апасынан үйрөнгөн топу тигүү өнөрүн кызына мурас катары үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 67 жаштагы тургуну Назырхан Хасанова көп жылдардан бери улуттук баш кийимдерди тигип келет. Биздин үй-бүлөдө бул жумуш энесинен кызына мурас катары өтүп, кылымдан бери сакталып келе жатат, деди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

«Баш кийимдерди даярдоо иши менен бизде ар дайым аялдар алектенет. Бул өнөрдү мен апам Якубхандан үйрөнгөм. Техника өнүгүп турган ушул күндө да топулар колго тигилет. Эң оорчундуу иш болуп анын сыртына сайылган саймасы эсептелет. Орнаменттин сайма менен түшүрүлүшүнө, кездеменин түрүнө карап баш кийимдин сапатын билсе болот. Канча кымбат болсо ошончо сапаттуу болот», - деди Н.Хасанова.

Чебер айым белгилегендей, тебетейдин оштук, маргалаңдык, анжияндык деп аталган түрлөрү бар. Ал эми аны даярдоо убактысы ага түшүрүлгөн оймо-чийменин татаалдыгынан көз каранды болуп, 1-2 күн убакыт кетет. Алар үчүн вельвет, велюр жана башка түрдүү кездемелер колдонулат.

«Оймо-чийме түшүрүлбөгөн топулар 300 сомго бааланса анжиян саймасы сайылгандарынын баасы 1200 сомго чейин жетет. Менин 2 уул, 2 кыз, 13 небере жана 4 чөбөрөм бар. Топу тигүүдө кызым Мадина чоң жардам көрсөтөт. Мадина менин өнөрүмдү улантып, кийин өзүнүн кыздарына өткөрүп берет», - деп кошумчалады Н.Хасанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×