Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Ош 08.09.2015 19:12

Айыл турмушу: Тунукени түрдүү ийге келтирип, керектүү буюмдарды жасаган Ош шаарынын тургуну А.Исаков өнөрүн балдарына үйрөтүүнү каалайт (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Алишер Исаков тунукеден бардык буюмдарды жасай алат. Мен бул өнөрдү досумдун атасы Давран чеберден үйрөнгөм, деди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

«Учурда техниканын жетишкен мезгилине карабастан, тунуке буюмдары азыркы күнгө чейин колго жасалып келет. Мисалы ашканадагы мештин үстүнө илинүүчү чатырлар, мор, тосмонун айрым бөлүктөрү, үйдүн чатырынан суу агып түшүүчү түтүктөр жана башка көптөгөн буюмдар жасалат», - деди А.Исаков.

Анын айтымында, тунукеден буюм жасоону 12 жашында өздөштүргөн. Бүгүнкү күндө суроо-талап көп болгон буюмдардын барын жасоо колунан келет.

«Ашканадагы мештин үстүнө илинүүчү чатырдын баасы көлөмүнө жараша 500 сомдон 5 миң сомго чейин жасалат. Ал эми мордун баасы 100 сомдон 1000 сомго чейин жетет. Менин балдарым да менден ушул өнөрдү үйрөнсө деп тилейм», - деп кошумчалады А.Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×