Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуАраван району 09.09.2015 08:49

Айыл турмушу: Аравандык чебер чопону, ылайды жана мүшөктү колдонуу менен ар түрдүү буюмдарга «жан киргизет» (фото)

Turmush -  Оштун Араван районунун Төө-Моюн айылынын 23 жаштагы тургуну Азамат Баитов өз үйүндө мүшөктүн материалынан, кийизден, чоподон жана кумдан ар кандай буюмдарды жасоо менен алектенет. Ал бул өнөрдү интернет аркылуу үйрөнгөнүн Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди. Анын жасаган буюмдарын атайын келип сатып алгандар да бар. Ошондой эле анын эмгектерин Ош шаарындагы музейлерден да кездештирүүгө болот.

а1

«Мен бул өнөрдү өздөштүргөнүмө аз убакыт болду. Алгач чоподон, ылайдан гана буюмдарды жасап жүрүп, кийин кийизден, жиптен куурчактарды, сувенирлерди жасаганга кызыга баштадым. Бош убактымды ар кандай буюмдарды жасоо менен өткөрөм. Ар бир буюмдун  өзүнө жараша түйшүгү болот. Кээ бир убакта керектүү материалды базардан таппай убара болгон учурлар да бар. Бир буюмду жасоодо ар кандай материалдарды колдоном.

у2

Кээ бир учурларда таппаган материалдарды айылдагы тааныштардан издейм. Буюмдар сапатына, көлөмүнө жараша бааланат. Эң арзаны 150 сомдон башталып, 1500 сомго чейин болот. Жасаган буюмдарымдын көпчүлүгүн айылдаштарым сатып кетет. Атайын буюртма бергендер бар. Быйыл Кызыл-Кыя шаарында өзүм жасаган эмгектерди көргөзмөгө алып чыгууну пландап жатам», - деди ал.

Мындай өнөрдүн ээси талантынын арты менен бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

а

у1

у

IMG-20150908-WA0066

IMG-20150908-WA0065

IMG-20150908-WA0063

IMG-20150908-WA0062

IMG-20150908-WA0061

IMG-20150908-WA0060

IMG-20150908-WA0056

IMG-20150908-WA0055

IMG-20150908-WA0052

IMG-20150908-WA0050

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×