Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусуАлай району 25.08.2015 09:22

Адистин кеңеши: Өсүп турган бадыраңды курт-кумурскалардан сактоо үчүн сүт, самын, йодду аралаштырып чачуу керек

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү курт-кумурскаларды элдик ыкма менен дарылоо боюнча фермерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Алай райондук администрациясынын кеңеш берүү кызматынын кеңешчиси Өмүрзак Касымов билдирди.

Анын айтымында, аталган райондун 5 айыл өкмөтүндөгү 227 фермер « Агро горизонт» программасынын алкагында жашылча-жемиштерди өстүрүүдө. Ал үчүн атайын адистер химикатсыз дарылоону үйрөтүп жатат.

«Биздин райондогу Жошолу, Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл, Гүлчө, Ленин айыл өкмөтүндөгү фермерлер жаз айынан бери дыйканчылык менен алектенүүдө. Азыр өсүмдүктөрдүн чоңоё турган убагында, ар кандай зыянкечтер зыянын тийгизет. Биз атайын фермерлерге элдик ыкма менен дарылоону үйрөтүп жатабыз. Мисалга алсак, бадыраңды курт-кумурскалардан сактоо үчүн 1 литр сүткө 20 грамм кир самынды эзип, 30 тамчы йодду кошуп аралаштырып 10 күндө бир чачып турса курт түшпөйт», - деди Ө.Касымов.

Ал эми Сонунбү Жакыпбаева адис катары бир эле элдик дарылоо тура эместигин, тез-тез алмаштырып туруу зарыл, деген пикирде

«Негизинен биз тоолуу аймакка киргендиктен зыянкечтерден сактануу үчүн ар 10 күндө даары чачсак болот, бирок күн ысык болгон аймактарда тез-тез даары чачып туруу кажет. Бир эле элдик даарылоону колдонуу туура эмес. Анткени курс-кумурскалар адаптация болуп алат. Ошондуктан дарылоонун башка түрлөрүн колдонгон жакшы таасир берет. Биз фермерлерге даарылоонун 5 ыкмасын үйрөттүк», - деди С.Жакыпбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×