Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 14.08.2015 15:34

Айыл турмушу: Таластын Көк-Ой айылынын тургуну 10 жылдан бери кыздын себин, шырдактарды жана чокойлорду жасайт (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Ой айылынын тургуну Калима Молдалиева 10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Молдалиеванын айтымында, ал кыздын себин, ала кийиз шырдактарын жана чокойлорду жасайт.

«2006-жылы «Тоолуу айылдарды өнүктүрүү» аттуу 4 күндүк тренингге катышып, сертификат алгам. Ошол тренинг мага аябай жардам берди, анткени ала кийиз, шырдактарды табигий жол менен боёгонду, чокой жасоодогу өзгөчөлүктөрдү үйрөндүм», - дейт ал.

«Кыздын себин 3 күндө даярдап бүтүрөм. Буюртмалардын көптүгүнө карабай баардык иштерди өзүм аткарам. Мен жасаган чокойлорго болгон суроо-талап көп. Аны көргөзмөгө коюу үчүн дагы алып кетишет», - дейт ал.

К.Молдалиеванын жолдошу айыл жергесиндеги таанымал темир усталардын бири. Анын жасаган эмгектери ар бир үйдө бар. Жолдошу мончо мешин жана дарбазаларды жасайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×