Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.08.2015 13:03

Айыл турмушу: Ак-Талаанын 28 жаштагы тургуну тоют чөптөрдү түктөө менен күнүнө 9 миң сомго чейин каражат табат (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын 28 жаштагы тургуну Алмаз Саалиев 3-4 жылдан бери өзүнүн менчик техникасы менен тоют өсүмдүктөрүн түктөө менен киреше табууда.

Жаш ишкер мындан 3-4 жыл мурун трактор жана чөп чогултуучу техника сатып алгандыгын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди. Ошондон бери жергиликтүүлөргө кызмат көрсөтөт.

Союз тараган соң айыл чарба техникаларынын дээрлик көпчүлүгү сатылып кетип, аталган айылда чөп чогултуучу техника калган эмес. Элдер тоют өсүмдүктөрүн эндей жыйнап калышкан.

А.Саалиев бир даана түк чөптү 9 сомдон чогултуп, күнүнө 1 миң даанадан ашырат. Күнүмдүк тапкан каражат 9 миң сомго чейин жетет.

«Ооба, техника бузулбай иштеп турса иш жакшы эле жүрөт. Бирок, бир топ каражат техниканын тетиктерине сарпталат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×