Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 14.08.2015 13:05

Айыл турмушу: Бакай-Атанын бренди болгон кара өрүктү сатуу менен тургундар киреше табууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунда жергиликтүү тургундардын негизги кирешеси болгон кара өрүк сатылып баштады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Талас шаарынын тургуну Максат Атамбиевдин айтымында, ал жергиликтүүлөрдөн кара өрүктү сатып алып, Казакстанга жөнөтөт.

«Элден биз кара өрүктү 20 сомдон алып, Казакстанга жөнөтөм. Азыр кара өрүк жаңыдан гана бышып баштады. Биз элдерге алдын ала кутулар менен акчасын таратып бердик. Алар кайра 1 күндөн соң жыйнап беришүүдө», - дейт ал.

Акназаров айылынын жашоочусу Соотбек Жусупбековдун айтымында, кара өрүк райондун бренди болуп эсептелинет жана аны сатуу менен тургундар үй-бүлөлүк бюджетин толукташат.

«Жаңы окуу жылы башталар алдында кара өрүк сатуудан түшкөн каражатка балдарыбызга керектүү буюмдарды алып беребиз. Мындан тышкары, башка дагы муктаждыктарга жумшайбыз», - дейт С.Жусупбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×