Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.08.2015 09:26

Айыл турмушу: Түптүн Ысык-Көл айылында мээрман айым А.Курманова 22 жылдан бери «Мерседес» тез жардам кызматы менен калктын саламаттыгына кам көрүп келет (фото)

Turmush -  Түп районунун Ысык-Көл айылында мээрман айым Аида Курманова велосипед менен айылдаштарынын үйлөрүнө чейин барып, жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдайт.

22 жылдан бери калктын саламаттыгына кам көргөн элеттик мээрман айым айылдагы чакан ФАПта иштеп, аны менен катар тез жардам көрсөтүү кызматын да колго алган. Айылда 1759 адам жашаса, алардын басымдуу бөлүгү улгайган адамдар. Ден соолугуна байланыштуу саламаттыкты сактоо мекемесине келе албагандарга өзү велосипед менен келип, көзөмөлгө алып турат.

Бала кезинен велосипед тепкен айым аны «Мерседес» деп атап алган.

А.Курманованын айтымында, ФАПтын имараты 1960-жылы курулгандыктан эскилиги жеткен. «Жакынкы арада анын чатырын долбоор аркылуу жаңыртуу күтүлүүдө. Бирок ичи суук, кышкысын жылыбайт», - дейт ал.

Мээрман айым ага карабастан «Мерседес» тез жардам кызматы менен калкка тейлөө жүргүзүүнү улантып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×