Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 11.08.2015 15:46

Айыл турмушу: Кара-Буура районунун тургуну К.Сапаралиев тоок чарбасынан күнүнө 1 миң жумуртка алат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чымгент айылынын тургуну Кенжаалы Сапаралиев тоок чарбасынан күнүнө 1000 жумуртка алат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Сапаралиевдин айтымында, ал 5 ай мурун Бишкектеги агасыныкынан 40 миң тоок багылган чарба менен таанышып келген соң, өзү да бул ишти колго алган.

«Ар бир тоокту 350 сомдон сатып алгам жана алар күнүнө 2 маал жумуртка берип турат, 1 жылдан кийин алар эт багытына жумшалат. Бул тооктор кадимки тооктордон айрымаланып, сыртка чыкпайт, атайын торлордо багылып, жеми, суусу белгиленген убактысында берилип турат», - дейт ал.

Анын жубайы Г.Жуманалиеванын айтымында, жумуртканы алар 6 сомдон сатышат. Көбүнчө Кара-Буура районунун жана Талас шаарынын базарларына таратылат.

«Эми кыш айларында бул тооктор жумуртка бербей калат, андыктан бул ишти токтотпош үчүн азыртадан анын жөжөлөрүн алып келип, чоңойтуп, чарбаны кеңейтүүнү пландап жатабыз. Анткени, бул ишти өркүндөтүү менен жакшы каражат тапса болот», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×