Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2014 16:22

«Айыл турмушу»: Жумгалдын Байзак айылындагы шарты жок мал базардын бир күндүк көрүнүшү

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак жана Куйручук айылдарындагы мал базарлары ар жуманын шаршемби жана бейшемби күндөрү иштейт, бирок мал базарда малчылар үчүн шарт түзүлгөн эмес.

Учурда Байзак мал базарында малдын баалары былтыркыга караганда, быйыл жогору болгондугу байкалган. Алсак, улактын баасы 1,5 - 2,5 миң сом болсо, койдун семиздери 5-6 миң, ал эми уй жаныбарлары 30-40 миңден жогору. Жылкы тукумунун жандыктары 60-70 миң сомго жеткен.

«Азыр мал базарынын тазалыгы жок, малдарды айла жок унааларга коюп байлап сатабыз, айыл өкмөтү мүмкуңчүлүк түзүп берсе элге деле жакшы болмок. Орундука каражат төлөбөйбүз бирок чыгып баратканда унаадан 10-20 сомдон акча каражатын алышат», - дейт малчылар.

Ал эми өзүн Канымкан деп тааныштырган базарчы айым: «базардын тазалыгы жок, мал-жандыктарыбызды арабага байлайбыз, базаркомдор жакшы иштешпейт, айыл өкмөтүбүз деле базарга карабайт, канча жылдан бери ушинтип келе жатабыз. Мүмкүнчүлүк түзүп берсе алуучу, сатуучуларга элге деле жакшы болмок. Базардын тазалыгы бизди канаттандырбайт», - деди ал.

Белгилей кетсек, базарга жумасына азык-түлүк, кийим-кече сатып 50гө чукул соодагер орундук алып соода калышса, ар бир орундук үчүн 15-20 сомдон беришет. Ал эми малчылар тараптан 30га чукул унаа кирип-чыгап соода жүгүртүшөт. Базарга кирген ар бир унаа 10 сомдон каражат алат. Чогултулган каражат базарды тазалоого жана курчоого сарпаталышы керек болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×