Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусу 08.02.2014 14:56

Б.Белеков: «Нарында кышкы Сочи - 2014» (фоторепортаж)

Turmush -  Сочидеги кышкы Олимпиадалык оюндарга тушма-туш бүгүн Нарын шаарындагы канаттык-бигулдук спорт аянтчасында массалык кышкы эс алуулары менен жыл сайын салтка айланып калган «Нарын кышы — 2014» өз ишин баштады.

Мындан ары ар бир жуманын эс алуу күндөрүндө шаардыктардын сүйүктүү жайына айланып калган спорттун бул кышкы аянтчасында массалык эс алууларды камтыган иш-чаралар өтүп турмакчы.

«Нарын кышы-2014түн» салтанаттуу ачылыш аземине өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов катышып, кышы 5-6 айга созулган тоолуу аймакта спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү боюнча пландары бар экендигине токтолуп, Тоо лыжасы менен машыгып жаткан мектеп окуучуларына спорттук зор ийгиликтерди каалады.

Мындан соң кичинекей спортсмендер ортосунда тоо лыжасынын (слалом) бийиктиктен түшүүнүн бир нече түрү чана жарыш боюнча мелдештер, ошондой эле шаар тургундарынын ортосунда массалык эс алуунун аркан тартыш сыяктуу бир нече түрлөрү өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×