Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Нарын

Адистин кеңеши: Ачык суу айлампаларында 15 градустан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат

Turmush -  Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүңүз үчүн, ден соолугуңуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиңиз керек, - дейт Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробеков аймактык кабарчыга.

Сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт, суук тийип калышы мүмкүн. Эгер сиз үшүп, денеңиздин калчылдаганын сезген болсонуз, дароо суудан чыгып, жээкти бойлой кыска бирок, ылдам чуркаңыз.

Сууга түшүүнүн узактыгы абанын жана суунун температурасына, нымдуулукка жана шамалдын күчүнө көз каранды. Сууга түшүү үчүн эң жакшы шарт – ачык, шамалы жок 25 градус цельсия жана андан ашык температурадагы аба ырайы. Ошондой эле, сууга түшүүнү 18 градус цельсиядан баштаса болот.

Тамактанган соң, 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат. Көбүнчө балдардын кум жээгинде (пляж) болгон оң, анткени ал жер жакшы, талапка ылайык кырсыкты алдын алуучу зарыл каражаттар менен камсыз болот. Эсиңиздерде болсун, балдар чоң кишилердин көзөмөлүндө гана сууга түшө алышат.

Кум жээктин аймагында медициналык пункт жана күндөн калкалоочу серелер курулушу керек. Өз алдынча кум жээк ачууга куткаруу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин гана уруксаат кылынат.

Балдардын сууга түшүү учурундагы коопсуздугунун жоопкерчилиги сууда сүзүү жана куткаруу боюнча инспекторго жүктөлөт. Балдарды 10дон ашпаган тайпада, 10 мүнөттөн түшүрүп, суудан чыккан соң бир катарга тургузуп, бирден жоктоп чыгуу күзөтчү-тарбиячынын милдети.

Сууда сүзгөндү билбеген балдарга ден-соолукту чыңдоо лагеринин же балдар мекемелеринин жетекчилери өзүнчө машыгуу жүргүзүү керек. Кырсыкты болтурбоо үчүн, балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү керек.

Эсиниздерде болсун:
- сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

- тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

- кайыктын, катамарандын артынан кубалап асылууга, жабышууга болбойт;

- күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

- үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, капыс адам суу терең жерде жүргөн болсо, тереңдикке чөгүп кетет. Бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

- көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайык жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Эгер сиз кайыкта болсоңуз:

- кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаңыз;

- мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;

- сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаңыз;

- караңгы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбоңуз

Эгер сиз:

- чарчап турсаңыз;

- күн өтүп кеткен болсо;

- ачкарын болсоңуз;

- суусап турган болсоңуз;

- ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсоңуз сууга түшүүдөн өзүңүздү токтотуп койгонуңуз жакшы болот.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Кырсыктын себептери кайсылар?

- Үшүп калуу, ичиркенүү, ачык суу айлампаларында 15 градус цельсиядан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат, анткени бул муздактан, ичиркенүүдөн адам кокусунан эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар кылат.

Ысык уруу

Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу, куску келүү байкалып, адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып, адамдын дене табы +40...+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот.

Жабырлануучунун кийимин жеңилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек.

Сууга түшүүдөгү тарамыш түйүлүү, карышуу

Мындай абал сууга түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес, кескин кыймыл жасоолордо байкалат. Тарамыш түйүлүү, карышуу булчуңдарга күч келүүдө, үшүп калууда же ашыкча эмоцияга алдырганда кармайт. Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлүү кармаса, коркпостон терең дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан сон, сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей, кол менен иштөө керек.

Колдун манжаларын күч менен тезинен муштум кылып кысып, колду эки тарапка кескин кыймыл менен сунуп муштумду жазуу шарт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13701
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 19 адам окуп жатат)
×