Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.07.2015 12:14

Адистин кеңеши: Жугуштуу энтеротоксемия ылаңы - айрым учурларда адамдарды дагы оорутат

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Дайыркүл Саткынов жугуштуу энтеротоксемия ылаңы жөнүндө жана андан сактануу жолдорун айтып берди.

Жугуштуу энтеротоксемия – оор өтүп, койлорду энтеритке чалдыктырып, нерв системасын, боорду жабыркатып, жалпы организмди ууландырып өтүүчү ылаң.
Ылаңдаткычы — клостридиум перфрингенс, узундугу 4 – 8 мкм, туурасы 1 – 1,6 мкм келген таякча түрүндөгү бактерия.

Аэроб.

Клостридийлер айлана-чөйрөнүн шартына өтө туруктуу, 15-30 мүнөт кайнаткандан кийин гана споралары (жалгыз клеткалуу организмдердин жашоо түрүнүн бир формасы) жугушсузданат. Клостридиум перфрингенстин споралары топуракта 16-20 айга, сууда 20 айга чейин, жүндө, териде 2 жылдан ашык сакталат.

Дезинфекциялоочу заттардын ичинен курамында 5%дуу активдүү хлору бар хлордуу акиташтын, жегич натрийдин 10%дуу, ысык 70-80 градус С. формальдегиддин 5%дуу эритмелери ылаңдаткычты 10-15 мүнөттө өлтүрөт.

Эпизоотологиясы — Табигый шарттарда жугуштуу энтеротоксемия ылаңы менен көбүнчө козулар, андан соң чоң койлор, кээде малдын башка түрлөрү – ири мүйүздүү мал, эчки, жылкы, чочко, канаттуулар жана жапайы жырткычтар ооруйт, айрым учурларда бул ылаң адамдарды оорутат.
Жугуштуу энтеротоксемиянын негизги булагы дартуу мал, өзгөчө ушул микроорганизмдер менен булганган жайыт – таратуучу фактор катары чоң коркунуч туудурат. Соо малга ылаң микроб менен булганган жем-чөп, суу, төшөлгө, шаймандар аркылуу жугат.

Клиникасы — Ылаңдын букма мезгили 1-2 саатка созулушу мүмкүн. Ылаңдаткыч менен булганган жайыттагы чөптү оттогондо алар ичеги-карынга кирип, ыңгайлуу шарттарда тез көбөйүп, уулу заттарды бөлүп чыгарат. Токсиндер денеге сиңип, ылаңды күчөтүп, бүт организмди ууландырат. Кээ бир учурларда кечинде жайыттан соо келген мал эртеси эле короодо өлүп калганы байкалат. Ылаңдын мындай өтө тез өткөн формасында малдын жалпы абалы, температурасы өзгөрбөйт, клиникалык белгилери ачык байкалбайт, алар басып бара жатып эле жыгылып, оозу мурдунан ак көбүк куюлуп, тарамыштары тырышып, эки үч саатта өлүп калат. Көпчүлүк учурларда ылаңдаган кой адегенде оттобой, ордунан араң жылат, мүдүрүлүп жыгылат, ошондон кийин турбай калат. Өлөөрдүн алдында оозу мурдунан көбүктөнгөн суюктук агат. Ичи өтөт, ичи көбөт. Мындай учурларда ылаң 5-6 күнгө созулат, мал тез арыктай баштайт. Дарттуу мал тишин кычыратат, катуу ыйынат, көзү бозоруп, темтеңдейт.

Дарылоо — Жугуштуу энтеротоксемия өтө тез, курч өткөндүктөн малды өз убагында дарылап, аман алып калуу кыйын. Создуктуруп жиберген учурда комплекстүү усул менен дарылоо талап кылынат. Бир эле мезгилде ылаңдаган малды кош валенттүү сыворотка антибиотиктер жана симптоматикалык каражаттар менен дарылайт. Ылаңдаган малдын булчуң этине Нитокс – 200 дөн ар бир 10 кг салмакка 1 мл. же Бицилин – 5 тен 1,5 мл. ЕД. ар бир 60 кг салмакка бир жолудан куюу керек, булчуңуна күнүнө эки маал төмөнкү антибиотиктерди: тетрациклин, террамицин, биомицинден ар бири 10000 – 15000; эритромицин 7000 – 10000; стрептомицин , дибиомицин 20000 таасир бирдигин 1 кг салмакка эсеп кылып куят.
Соолук койлорго оозуна 1 г, козуларга 0,2 г синтомицин, левомицетин ичирилет. Сульфаниламид дары-дармектердин ичинен норсульфазоль, дисульфан, этазолдун ар бирин малдын 1 кг тирүү салмагына 2-4 мг эсеп менен күнүнө 2 жолу оозу аркылуу ичирет.
Жугуштуу энтеротоксемия боюнча стационардуу пункттарда ылаңды алдын алуу жана дарылоо максатында тоют антибиотиктерин – коромогризин, биовит, бациллихиндерди колдонуу козулардын өлүмүн кескин кыскартат.

Иммунитет. Алдын алуу жана күрөшүү чаралары — Ылаң дайыма кездешүүчү чарбаларда жугуштуу энтеротоксемия чыгаардан бир ай мурун бардык малга вакцина куюлат. Ылаң чыгаар замат ооруларын өзүнчө бөлүп дарылайт, калгандарына атайын сыворотка, 6-10 күндөн кийин вакцина куюлат. Ылаңга каршы Бишкек шаарынын «Алтын–Тамыр» АКнын биофабрикасында даярдалган кеженге, жугуштуу энтеротоксемияга дизентерияга каршы поливалентүү алюминийдин гидроокиси кошулган вакцина колдонулат. Вакцина 20-30 күндүк аралык менен 2 жолу пайдаланылат. Соолук койлорго 2-3 мл, козуларга 1-1.5 мл өлчөмүндө. Экинчи жолу эмделгенден кийин 12-14 күндөн кийин иммунитет пайда болуп, 6 айга созулат.

Энтеротоксемиядан өлгөн малдын тарпы териси менен өрттөлүп жок кылынат. Короо-сарайлар жегич натрийдин 10%дуу ысык, 70-80градус С, формалиндин 4%дуу эритмелери менен..

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×