Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.07.2015 17:10

Адистин кеңеши: Шарп - ача туяктуулардын өтө жугуштуу ылаңы, - мал доктур Д.Саткынов

Turmush -  Шарп - ача туяктуулардын өтө жугуштуу ылаңы. Бул ылаң өзгөчө уйларда жана кой эчкилерде оор өтөт. Биринчи ылаңдаган мал өз убагында байкалбайт, чечкиндүү чара колдонулбаса өтө тез тарап, мал ээлерин бир кыйла экономикалык зыяндарга учуратат, – дейт Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Дайыркул Саткынов Turmush - басылмасынынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

Ылаңдаткычы - фильтрден өтүп кетүүчү өтө майда вирус. Шарп козгоочу вирустардан.

Эпизоотологиясы - шарп менен жашына карабастан баардык ача туяктуу мал ылаңдайт. Ылаңдын негизги булагы дарттуу мал. Вирус сырткы чөйрөгө ооздо жана башка жеринде пайда болгон ыйлаакчалардын сары суусу, сүтү, сийдиги менен бөлүнүп айлана чөйрөнү булгап, анын кеңири тарап кетишине шарт түзөт.

Клиникасы - ылаңдын букма мезгили малда 2-7 күн, айрым учурларда 21 күнгө чейин созулат. Баардык айыл чарба малдарында клиникалык өзгөрүүлөр бирдей болот. Ылаң өтө тез өөрчүйт. Ылаңдаган малдын температурасы көтөрүлөт, шайы бошоп, тоют жебейт. Ири мүйүздүү малда ыйлаакчалар ооз көңдөйдө, тилде, желинде айрым учурларда туяктардын салаасында пайда болот. Кой-эчкилерде ыйлаакчалар туяктарынын салаасында пайда болот, алардын массалык түрдө аксаганы байкалат.

Дарылоо - Шарпка диагноз коюлгандан кийин ал малды дароо бөлүп алып, өзүнчө кармап, дарылоону тезинен баштоо керек.

Ооздун ичиндеги, тилдеги жараларды, исиркектерди айыктыруу үчүн марганцовка менен каныктырылган кара туздун 1-2 % аралашмасын күнүгө бир жолудан колдонуу керек көк таштын 1-2 %, же уксус кислотасынын 2-3 % аралашмасын күнүгө бир жолудан колдонуу керек. Малды тез сакайтуу үчүн жана башка жугуштуу оорулардан сактоо үчүн малдын булчуң этине Окситетрацикинол ар бир 100 кг салмакка 10 мл 3 күн аралыкта эки жолу, же Бицилин – 5 тен 1,5 мл ар бир 60 кг салмакка бир жолудан куюу керек.

Ылаңга чалдыккан малдын туяктарынын арасындагы, муундарындагы жараларды дезинфекциялоочу заттардын аралашмасы менен жууп туруп, балыктын майы менен жана деготтун аралашмасы менен же антибиотик майлары менен майлоо керек. Көп учурларда Вишневскийдин төмөнкүдөй курамындай суюк дары майы жакшы жардам кылат: таза деготь- 5 гр, ксероформ – 3 гр, балыктын майы – 100гр.

Алдын алуу жана күрөшүү чаралары - Азыркы мезгилде шарп ылаңына каршы колдонулуучу Россия өндүрүшүнөн чыгарылган 3 валентүү «А» «О» жана «Азия-1» вакцинасы бар. Вакцинаны куйгандан кийин малда ылаңга каршы туруктуулук (иммунитет) 21 күндөн кийин пайда болот да, ал 3 айга чейин созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×