Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Адистин кеңеши: Сууга чөгүп кетүүдөн сак болуңуз

Turmush -  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин ысып кеткендигине байланыштуу жарандарга, эс алуучуларга, өлкөнүн аймагына келген конокторго сууга түшүүдө сак болууга жана сууга түшүү эрежелерин билбей туруп сууга түшпөөгө чакырат.

Ошондой эле жайкы эс алуу учурунда мектеп жашындагы балдарды кароосуз калтырбоого, талааларда, көлдөрдө, дарыялардын жээктеринде эс алуу учурунда наристелерди тыкыр көзөмөлгө алууну эскертет. Анткени, жыл сайын ондогон эс алуучулар мас абалында, же сууга түшүү эрежелерин билбей туруп сууга түшүп, чөгүп кеткен учурлар көп кездешет, деп маалымдайт ӨКМ.

Ошол эле учурда үй-бүлөсү менен эс алууга чыгып, балдарын кароосуз калтырышып, анын кесепетинен балдар сууга агып кеткен учурлар көп катталууда. Ошондуктан сууга түшүү, эс алуу учурларында сак болуу жана балдарды кароосуз калтырбоо зарыл экендигин эскертебиз, деп маалымдайт министрлик.

2014-жылы жана 2015-жылдын ушул мезгилине чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине катталган сууга чөгүүлөр боюнча маалымат: 

2014-жылы жалпы республика боюнча  82 адам сууга чөгүп каза болгон болсо, анын ичинен 26сын жаш балдар түзгөн.

Анын ичинен:

Чүй облусу - 30 адам (жаш балдар 8);

Нарын облусу -3 адам (жаш балдар 1);

Талас облусу - 1 адам;

Ысык-Көл облусу - 14  адам (жаш балдар 3);

Жалал-Абад облусу - 11 адам (жаш балдар 7);

Баткен облусу - 4 адам (жаш балдар 1);

Ош облусу - 10 адам (жаш бала 3);

Ош шаары - 4  адам (жаш бала 1);

Бишкек шаары - 5 адам ( жаш  бала 2).

Жалпы катталгандардын ичинен 2014-жылдын жайкы сууга түшүү сезонунда 57 адам сууга чөгүп каза болсо, анын ичинен 16сы жаш балдар.

Чүй облусу - 19 адам (5 жаш бала);

Нарын облусу - 3 адам; (жаш балдар-1);

Талас облусу  - 1 адам;

Ысык-Көл облусу – 12 адам (3 жаш бала);

Жалал-Абад облусу - 5 адам (3 жаш бала);

Баткен облусу - 3 адам (1 жаш бала);

Ош облусу-6 адам (1 жаш бала);

Ош шаары – 4 адам ( жаш бала-1).

Бишкек шаары - 4 (1 жаш бала).

Быйылкы 2015-жылдын ушул мезгилине чейин эле жалпы республика боюнча 30 адам сууга чөгүп каза болсо, анын ичинен 7и жаш балдар болгон.

Чүй облусу - 11 адам (жаш балдар-3);

Нарын облусу - 3 адам;

Талас облусу - 1 адам;

Ысык-Көл облусу - 2 эркек адам;

Жалал-Абад облусу - 5 адам (жаш балдар-1);

Ош облусу - 6 адам (жаш бала-4);

Бишкек шаары - 2  адам (жаш бала-1).

Анын ичинен быйылкы жайкы сууга түшүү сезонунда 14 адам сууга чөгүп каза болсо, анын ичинен 3 жаш балдар.

Чүй облусу - 6 адам;

Нарын облусу – 1 адам;

Жалал-Абад облусу - 3 адам (1 жаш бала);

Ош облусу - 4 адам (2 жаш бала).

Баарыңыздарды сак болууга жана кырсыкка кабылсаңыз же кырсыкка кабылган жарандарды көрсөңүз, токтоосуз түрдө 112 мамлекеттик бирдиктүү диспетчердин-нөөмөт кызматына же 101 телефонуна кайрылыңыз. Сиз өзүңүздүн жана башкалардын кырсыкка кабылуусуна кайдыгер болбоңуз. 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3855
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×