Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Адистин кеңеши: Нике келишиминин жана аны күбөлөндүрүүнүн мааниси, - К.Беккелдиева, Ак-Талаа району

Turmush -  Нике келишими адамдардын ортосунда никеси мамлекеттик катталганга чейин жана никеде турган каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн. Никени мамлекеттик каттоого чейин түзүлгөн нике келишими нике мамлекеттик катталган күндөн тартып күчүнө кирет, дейт Ак-Талаа райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу Камка Беккелдиева.

Никеде турган жактардын нике келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус көчүрмөсү бүтүмдүн (сделканын) материалдарына тиркелүүчү никени каттоо күбөлүгүн талап кылат. Нике келишими жубайлардын буга чейин болгон жана келечекте боло турган мүлкүнө карата түзүлүшү мүмкүн.

Жубайлар нике келишиминде өз ара каралашуу, көмөктөшүү боюнча укуктарын жана милдеттерин, бири-биринин кирешесине катышуу шарттарын, алардын ар биринин үй-бүлө чыгымдарын көтөрүү тартибин, нике бузулган учурда жубайлардын ар бирине өткөрүлүп бериле турган мүлктү аныктоого, ошондой эле нике келишимине жубайлардын мүлктүк мамилелерине байланышкан башка жоболорду киргизүүгө укуктуу.

Нике келишими жубайлардын макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Нике келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт. Нике келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус бул туурасында нике келишиминин өзүндө белгилейт.

Тараптардын каалоосу менен нике келишими кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо органдарында катталышы мүмкүн. Тараптарда укугун белгилөөчү документтер болгон учурда, нотариус аларга нике келишимин күбөлөндүргөндүгү тууралу белгини кое алат.

Нике келишими укукту белгилөөчү (правоустанавливаюңий) документ боло албайт, нике келишимин түзүү мүлктү менчикке өткөрүүгө алып келбейт.

Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн жөнгө салуу механизмин өркүндөтүү жана карыз берүү келишимдерин тариздөө боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө жарандардын жана юридикалык жактардын сарптоолорун азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкүмөтү 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 «Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндөгү» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү өзүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 44 токтому менен киргизген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5591
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 11 адам окуп жатат)
13:02,   25.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×