Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 10.10.2015 13:53

Айыл турмушу: 20 жылдан бери баш кийим тигүү менен киреше тапкан таластык үй-бүлө эң кымбат эмгегин 450 долларга баалады (фото)

Turmush -  Талас районундагы Өмүралиев айылынын тургуну Мелис Эрдешов жубайы Айзада Кыдыралиева менен 20 жылдан бери баш кийим тигип, киреше табат.

Алар карышкыр, түлкү, коён, норка, каракүлдүн терисинен тумак, тебетей, беретка өңдүү баш кийимдин түрүн тигишет. Бул тууралуу ишкер үй-бүлө Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен маектешкен учурда айтып берди.

Өз колдорунан жаралган баш кийимдерди базарга алып чыгып сатып, ошондой эле элден буюртмаларды алып иштешет. Алар жасаган эң кымбат тебетейдин баасы 450 АКШ долларын түзгөн.

Учурда алар 3 кыз 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×