Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Адистин кеңеши: Сел – өзгөчө коркунучтуу гидрологиялык кубулуш болуп саналат

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Талаа райондук коргоо бөлүмүнүн башчысы М.Чоробеков сел кырсыгынын алдын алуу, андан сактануу жана сел жүргөн учурда, ошондой эле андан кийинки мезгилде көрүлө турган аракеттер тууралуу өз кеңешин берди.

Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы.

Таш агызган селдер – ири таштардын, анын ичинде мөнгүдөн пайда болгон тоо таштарынын, шагылдардын, кесек таштардын, кумдардын ылайланган аралашмасынан турган 1,5 т/м3 киргилт суу.

Ылай аралашкан сел – бир аз таштарды агызган көлөмдүү салмагы 1,5-2,0 т/м3 түзгөн сел агымы.

Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарында селдин жүрүшү кайталанып турган көрүнүш.

Селдин жүрүшүнө түрткү берген себептер:

- узакка созулган, нөшөрлөп жааган жамгыр;

- күндүн кескин ысып кетиши;

- кардын же мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээриши;

- жер титиреп, жанар тоолордун жарылышы;

- токойлордун кыркылышы;

- казуу иштерин туура эмес уюштурулушу.

Сел өзү менен кошо миллиондогон куб метр ар кандай аралаш массаларды алып келет. Ал күтүүсүз келип чыгуу менен 10 мүнөттөн бир нече саатка чейинки аралыкта бир нече толкундар менен коштолуп, тез ыкчамдыкта (секундасына 10 метр жана андан көбүрөөк) жылышы мүмкүн. Адатта, сел жүрүшү ыктымал болгон жерлер алдын-ала белгиленет. Башка агымдардан айырмаланып, сел өз-өзүнчө толкундар менен коштолот. Биринчи толкун 15 метрге чейин же андан жогору бийиктикте болушу мүмкүн.

Ар кандай аралаш массаны өзү менен кошо ширеп, саатына 15-20 км аралыкты басып өткөн катуу сел кыйраткыч күчкө ээ болуп, айдоо аянттарын жок кылып, адамдардын жана мал жандыктардын өлүмүнө алып келиши ыктымал. Мына ошондуктан, селди «ырайымсыз тоо ажыдаары» деп атап келишет.

Мындай бөөдө кырсыктан айрыкча адамдар (туристтер, геолог чалгындоочулар, чек арачылар, тоо этегинде жайгашкан айыл жашоочулары) турак үйлөр, инженердик жана жол курулушунун имараттары жабыр тартат. Сел жүрүшү ыктымал болгон кооптуу региондордо селге каршы күрөшүүнүн инженердик ыкмалары – суу тосмолор, ырайымсыз суу агымын туш-тушка бөлүп каарын жеңилдеткен каналдар, жол бойлорунун жээктелиши жардамга келет.

Сел – өзгөчө коркунучтуу гидрологиялык кубулуш болуп саналат. Сел агымы темир жолдорго жана автомобиль багыттарына, сугат системаларына жана экономиканын башка маанилүү объекттерине, тоо этегинде жайгашкан калктуу пункттардын жашоочуларына олуттуу коркунуч келтирет.

Сел кырсыгын алдын алуу боюнча төмөнкү иш-чараларды жүргүзүү сунуш кылынат:

- селге туруштук берүүчү тосмолорду жана жээктерди бекемдөө;

- сууну буруп кетүүчү каналдарды куруу;

- тоо көлдрүнүн деңгээлин төмөндөтүү;

- ар кандай бак-дарактарды тигүү менен жантайынкы жер кыртыштарын чыңдоо;

- байкоолорду жүргүзүп, маалымдоо системаларын жөнгө салуу жана көчүрүү чарасын пландаштыруу.

Селге кантип даярдануу керек:

- сел жүрүшү ыктымал болгон жайларды кыдырып, иликтеп чыккыла. Айрыкча, катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин ошол жерлерден алыс болуу талап кылынат;

- селдин ырайымсыз катуу толкунунан аман калуу мүмкүн эместигин эч качан унутпагыла. Андан убагында качып кутулуу гана сактап калат;

- эгерде, алдын ала көчүү талап кылынса, үйдөгү электр энергияны, газды, сууну бекитип, эшик-терезелерди, желдеткичтерди бекем жаап чыгуу керек;

- сел жүрүшү мүмкүн болгон жыл мезгилинде ар кандай жүрүштөрдөн токтолуп туруу керек.

Сел жүргөн учурда эмне кылуу керек:

- оргуштап аккан суу агымынын дүнгүрөгөн добушун угар замат, дароо кеминде 50-100 метрлик бийиктикке чыга калгыла;

- катуу суу агымы оор таштарды кошо агызып келиши, адам өмүрүнө коркунучтуу экендигин унутпагыла.

Сел жүргөндөн кийинки аракеттер:

- сел агымынан жана тике жарлардан алыс болуу керек;

- адамдар бири-биринен 20-30 метр аралыктан узабай жүрүүгө тийиш;

- улгайгандарга жардам берип, жолдорду селден кийин тазалоого жардам берүүнү унутпагыла;

- селден жабыр тарткан болсоңор – дароо медицина кызматкерлерге кайрылуу зарыл;

- эгерде, мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, өзүңөргө өзүңөр жардам берип, жаракат алган жерге муз (сууланган кездеме) коюп таңуу зарыл.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6059
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×