Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Адистин кеңеши: Кар көчкүдөн сактануунун жолдору

Turmush -  ӨКМдин Нарын облусунун Жумгал району боюнча бөлүмүнүн башчысы Элдияр Турсунакунов кар көчкүсү тууралуу өз кеңешин айтып берди.

Кыш мезгилинде тоолордогу жааган кардын топтолуп, жантайынкы беттерден жылып түшүүсү «Кар көчкүсү» деп аталат. Кар көчкүсү улам жылган сайын ылдамдыгы күчөп, жолундагы кабылган бардык нерселерди, жандыктарды кыйратуучу күчкө ээ. 

Өзгөчө кыштоолорго баруучу жолдордо, ашууларда, капчыгайларда кар көчкүсү жүрүү коркунучу өтө чоң, ошол себептен өз өмүрүңдү сактоо максатында кар көчкү коркунучу бар аймактарга барууда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

Кар көчкүсү коркунучу жөнүндө СМС аркылуу келип жаткан маалыматка өзгөчө көңүл буруу керектелет; Баруучу жолдо кар көчкүсү коркунучу барбы, жол каттамы ачыкпы бул боюнча тактап алуу керектелет. 

Тел: 0 800 222-22-22 бардык операторлордон чалуу акысыз.

Кар көчкүсү коркуну бар экендигин билген болсоңуз башкарларга дагы билдирүүңүз зарыл.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15983
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×