Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Адистер кеңеши: Ак-Талаада өрткө каршы мамлекеттик кызматы район тургундарына жана айыл өкмөт башчыларына өрткө каршы турууну эскертет

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талаа райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы, капитан Элдияр Кайдылдаев район тургундарына жана айыл өкмөт башчыларына өрткө каршы иш-чараларды өткөрүү керектигин билдирди. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы малымдады.

Кыш мезгили келгендигине байланыштуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик өрткө каршы кызмат бөлүмүнүн сиздерден төмөнкү өрткө каршы иш-чараларды өткөрүүнү суранат.

Ар бир айыл аймактарда жакынкы жерде суу сактагычтарды жана суу алуучу булактардын жолдору ачык жана көрсөтүүсү менен белгиленип туруусу зарыл. Себеби: өрт өчүрүүчү автомашинанын суу булактарына суу алуу үчүн тоскоолдуксуз жана тез барып келүүгө шарт болушу керек.

Баарына белгилүү болгондой, айылдарда суу алуучу гидранттар жоктугуна байланыштуу суу булактарынан жана суу сактагычтардан алууга туура келет. Кыш мезгилинде кар жааган учурда суу булактарына баруу жолдору билинбей жана көрүнбөй калат. Өрт өчүрүү максатында суу булактары жакын жана белгилүү болсо, өрт өчүрүүчү кызматкерлери үчүн кыска убакытта ыкчам аракет көрүү үчүн жеңил болоор эле.

Э.Кайдылдаев белгилегендей, азыркы учурда ар бир үйдө жылытуу үчүн от жагылып, ар кандай жылыткычтар пайдаланылып жаткан учур. «Биз өзүбүздүн үй мүлкүбүздүөрттөн сактайлы десек, өрткө коопсуздук эрежелерин сактообуз зарыл. От жагылуучу мештердин алдында 50х70 сантиметрден кем эмес жерге темир лист коюулуусу зарыл», - дейт ал.

Ал эскерткендей, колго жасалган электр жылыткычтарды пайдаланууга болбойт. Үй ичиндеги жана уйдун чатырындагы өткөрүлгөн электр чубалгылары жылаңач абалда болбоосу зарыл. Электр жылыткычтардын жана от жагуучу мештин жанына суу кийимдерди жана башка буюмдарды кургатуу максатында жаюуга тыюу салынат. Өрт кырсыгы болгон учурда 101 телефонуна тезинен кабарлоону унутпаңыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14974
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×