Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Адистин кеңеши: Көчкү коопсуздугун учурунда кантип билүү зарыл экенин ӨКМ адистери эскертет

Turmush -  Бир жакка чыгаарда аба-ырайы жөнүндө маалыматты, унаа жолдорунун ахывалын, кар көчкү түшүү коркунучун жалпы маалымат билдирмелеринен же ӨКМнин ыкчам күзөтчүсүнөн билүү керек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн башчысы, лейтенант Максат Чоробеков маалымдады.

Анын айтымында, тоолуу аймактарда же кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жол бөлүктөрүндө жол кызматчылары белгилеген унаа арасындагы аралыкты бекем сактоо керек;

- Кар көчкү коркунучу бар жерлерде коюлган эскертүү белгилерин бекем көңүл бөлүү керек, зарыл болсо, эртең менен эрте өтүп кетүү керек;

- Жол кызматчылары тарабынан коюлган: «Чектелген жүрүү», «Унаа жолунун бекилүүсү» белгилерине, жалпы маалымат билдирмелери аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин жана ИИМнин Жолдогу-кыймылы кызматчыларынын эскертмелерин бекем аткаруу.

- Эсиңерде болсун! Кар көчкү түшүү коркунучунун узактыгы-октябрдан тартып апрель айларына чейин эсептелет, көпчүлүк кар көчкү түшүү февраль-март айларында болот.

Көчкүдө өзүн алып жүрүү эрежелери:

— Эгер көчкү өтө бийик жрден түшүп келе жатса, унааңыз менен тез өтүп кетип, алдыдагы келе жаткан унааларды токтотуңуз, эгер жөө болсоңуз, тез чуркап коопсуз жерге барыңыз же жар астына бекинип тура калыңыз (жаш бактардын артына бекинип турбаңыз).

— Эгер көчкүдөн кете албасаңыз, жүгүңүздөн бошонуп, тизеңизди ичиңизге бүгүп, денеңизди көчкү келе жаткан жакка ыңгайлаштырып жата калыңыз.

— Оозуңузду жана мурдуңузду моюн орогучуңуз, жакаңыз менен жаап, көчкүдө колуңузду сүзүп жаткандай кармаңыз, көчкүнүн үстүндө карманууга, ылдамдыгы азыраак жээгине чыгууга аракет кылыңыз.

— Көчкү токтогон кезде, дем алууга мүмкүн болууга бет жана көкүрөк тушуңуз менен калууга аракет кылыңыз.

— Эгер мүмкүн болсо,өйдө чыгууга аракет кылыңыз (оозуңуздан чыккан шилекейдин кайсыл жакка акканы боюнча өйдө жакты билсеңиз болот).

— Көчкүнүн алдында калсаңыз, күчүңүздү сактап өзүңүзү кармап, уктабаганга аракет кылыңыз.

Көчкү түшкөндөн кийин эмне кылуу керек

-Сизге көчкү түшкөндөн кийин эсиңизди жоготосуз. Өзүңүзгө келе баштаганда, бир колуңузду бошотуп, дем алуу үчүн, мурун тушуңузга алып келүүгө аракет кылыңыз.

- Андан кийин экинчи колуңузду да бет тушуңузга жакындатып, оюк жасоого аракет кылыңыз.

-Өйдө же ылдый экенин билиш үчүн түкүрүк чыгарыңыз. Эгер түкүрүгүңүз өзүңүзгө түшсө, Сиз башыңыз менен төмөн жатасыз. Эгер түкүрүгүңүз эриниңизде калса, Сиз туура, башыңыз менен өйдө жатасыз.

-Өзүңүздүн кандай жатканыңызды билгенден кийин, колуңузду өйдө сунууга аракет кылыңыз. Эгер колуңуз сыртка чыкпаса, аба кириш үчүн, карды оюуга аракет кылуу керек.

-Эгер Сиз, төмөн карап жатып калган болсоңуз, которулуу үчүн өзүңүздүн тегерегиңизди оюп ачууга аракет кылуу керек.

-Өтө терең дем алууга, дүрбөлөңгө түшүүгө, тез кыймылдоого болбойт, себеби жүрөк тз согуп, көп кычкылтек талап кылат.

- Эгер Сиз, кичине оюк тешип алсаңыз, бирок чыга албасаңыз, кыйкырып куткаруучулардын көңүлүн өзүңүзгө бурсаңыз болот. Сизди сөзсүз табышат.

-Эгер Сиз, коопсуз жерде болуп калсаңыз, аймак башкармалыгына көчкү жөнүндө билдирме жасаңыз жана жабыркагандарга жардамдашыныз.

Кар көчкүдөн сак болуңуз!

Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт. Көчкү коопсуздугу учурунда билүү зарыл:

- бир жакка чыгаарда аба-ырайы жөнүндө маалыматты, унаа жолдорунун ахывалын, кар көчкү түшүү коркунучун жалпы маалымат билдирмелеринен же ӨКМнин ыкчам күзөтчүсүнөн билүү;

- Тоолуу аймактарда же кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жол бөлүктөрүндө жол кызматчылары белгилеген унаа арасындагы аралыкты бекем сактоо керек;

- Кар көчкү коркунучу бар жерлерде коюлган эскертүү белгилерин бекем көңүл бөлүү керек, зарыл болсо, эртең менен эрте өтүп кетүү керек;

- Жол кызматчылары тарабынан коюлган : «Чектелген жүрүү», «Унаа жолунун бекилүүсү» белгилерине, жалпы маалымат билдирмелери аркылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин жана КР ИИМнин Жолдогу-кыймылы кызматчыларынын эскертмелерин бекем аткаруу.

Көчкүдө өзүн алып жүрүү эрежелери:

— Эгер көчкү өтө бийик жрден түшүп келе жатса, унааңыз менен тез өтүп кетип, алдыдагы келе жаткан унааларды токтотуңуз, эгер жөө болсоңуз, тез чуркап коопсуз жерге барыңыз же жар астына бекинип тура калыңыз (жаш бактардын артына бекинип турбаңыз).

— Эгер көчкүдөн кете албасаңыз, жүгүңүздөн бошонуп, тизеңизди ичиңизге бүгүп, денеңизди көчкү келе жаткан жакка ыңгайлаштырып жата калыңыз.

— Оозуңузду жана мурдуңузду моюн орогучуңуз, жакаңыз менен жаап, көчкүдө колуңузду сүзүп жаткандай кармаңыз, көчкүнүн үстүндө карманууга, ылдамдыгы азыраак жээгине чыгууга аракет кылыңыз.

— Көчкү токтогон кезде, дем алууга мүмкүн болууга бет жана көкүрөк тушуңуз менен калууга аракет кылыңыз.

— Эгер мүмкүн болсо,өйдө чыгууга аракет кылыңыз (оозуңуздан чыккан шилекейдин кайсыл жакка акканы боюнча өйдө жакты билсеңиз болот).

— Көчкүнүн алдында калсаңыз, күчүңүздү сактап өзүңүзү кармап, уктабаганга аракет кылыңыз.

Көчкү түшкөндөн кийин эмне кылуу керек

-Сизге көчкү түшкөндөн кийин эсиңизди жоготосуз. Өзүңүзгө келе баштаганда, бир колуңузду бошотуп, дем алуу үчүн, мурун тушуңузга алып келүүгө аракет кылыңыз.

- Андан кийин экинчи колуңузду да бет тушуңузга жакындатып, оюк жасоого аракет кылыңыз.

-Өйдө же ылдый экенин билиш үчүн түкүрүк чыгарыңыз. Эгер түкүрүгүңүз өзүңүзгө түшсө, Сиз башыңыз менен төмөн жатасыз. Эгер түкүрүгүңүз эриниңизде калса, Сиз туура, башыңыз менен өйдө жатасыз.

-Өзүңүздүн кандай жатканыңызды билгенден кийин, колуңузду өйдө сунууга аракет кылыңыз. Эгер колуңуз сыртка чыкпаса, аба кириш үчүн, карды оюуга аракет кылуу керек.

-Эгер Сиз, төмөн карап жатып калган болсоңуз, которулуу үчүн өзүңүздүн тегерегиңизди оюп ачууга аракет кылуу керек.

-Өтө терең дем алууга, дүрбөлөңгө түшүүгө, тез кыймылдоого болбойт, себеби жүрөк тз согуп, көп кычкылтек талап кылат.

- Эгер Сиз, кичине оюк тешип алсаңыз, бирок чыга албасаңыз, кыйкырып куткаруучулардын көңүлүн өзүңүзгө бурсаңыз болот. Сизди сөзсүз табышат.

-Эгер Сиз, коопсуз жерде болуп калсаңыз, аймак башкармалыгына көчкү жөнүндө билдирме жасаңыз жана жабыркагандарга жардамдашыныз.

Үшүп калуудагы биринчи жардам

От жагылуучу бөлмөнүн ичинде үшүп калган дене бөлүгүн жумшак кездеме менен ушалап жылытыңыз, андан кийин аны жылуу сууга салыңыз жана суу температурасын 40-45 градуска чейин акырындап жеткириңиз. Эгер ооруксунганы өтүп, жандана баштаса, колду (бутту) кургактап, кол мээлейин (байпагын) кийиңиз, мүмкүнчүлүк болсо, аймактагы бейтапканага көрүнүңүз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14585
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×