Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Чүй

Адистер кеңеши: Кыргызстан Евразия экономикалык кеңешине кошулгандан кийин, КР эмгек мигранттарынын статусу өзгөрөт

Turmush -  Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматы, эгер Кыргызстан Евразия экономикалык кеңешине кошулса, анда КРнын эмгек мигранттарынын статусу өзгөрөөрүн белгилеген. Бул боюнча «Адам укуктары боюнча Эдвоккаси борбору» маалымат берди.

Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар менен иш алып баруу департаментинин башчысынын орун басары Дмитрий Демиденко Россиядагы кыргыз жарандарынын абалы толук орду менен өзгөрөөрүн айтты. Аларга карата жумушка кирүү үчүн алчу уруксаат кагазы мындан ары талап кылынбайт.

«Беларусия, Казакстан жарандары сыяктуу эле, Кыргызстандын жарандары да жеңилдетүүгө ээ болушат. Кыргыстан жарандары бул статуста, мурдатан талап кылынган ар кандай документтерден бошошот. Мындан сырткары, Евразия экономикалык кеңешине кирген өлкөлөрдүн арасында мындай нормалар бар: эгер адам кыска убакыт ичинде же бир айга чейинки убакытта жүрсө, анда ал миграция картасын толтурбайт», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан Евразия экономикалык кеңешинин келишимине Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Республика 2015-жылы май айында ЕЭКтин толук мүчөсү болуп калуусу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7428
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×