Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусуСокулук району 06.01.2015 10:51

Сокулук районунун 18 жаштагы жашоочусу уурдоого шектүү катары кармалды

Turmush -  Сокулук районунун 18 жаштагы жашоочусу уурдоого шектүү катары кармалды, деп билдирет Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына 46 жаштагы Ж.Ж арыз менен кайрылган. Анда ал П.Лумумба көчөсүндө үйүнүн жанында токтотулган Хонда-Фит унаасын түнкүсүн белгисиз адамдар алдыңкы терезесин сындыруу менен ичиндеги «Нокиа» уюлдук телефонун уурдап, алдыңкы эки дөңгөлөгүн чечип кетишкен. Муну менен алар 8000 сом суммасында зыян келтиришкен.

Ошондой эле, арыз менен Б.С кайрылган, анда ал белгисиз адамдар «Тайота Ипсум» унаасынын алдыңкы дөңгөлөктөрүн чечип кетишкендиктерин билдирген. Шаардык милиция бөлүмү изи сууй электе «Көчө» рейдин жүргүзүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн уурдоолого шектүү катары Сокулук районунун 18 жаштагы жашоочусу А.Т кармалган. Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×