Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу 06.01.2015 09:45

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт

Turmush -  Ушул жылдын 4-январынан 6-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман-Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт.

ӨКМ басма сөз кызматы 6-январда билдиргендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×