Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуНоокат району 05.01.2015 10:24

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө турак үйдүн чатыры, 3 тонна чөп күйдү

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө Маданият тилкесинде ээси Ж. Жакыповго тийиштүү турак үйдөн өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 5-январда.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган аянты 36 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 2 эшик, 2 терезе, 3 тонна чөп күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×