Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусуКемин району 01.01.2015 13:32

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 38 өрт кырсыктары катталып, 44 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде, тактап айтканда 2014-жылдын 31-декабры саат 08:30дан 2015-жылдын 1-январы саат 08:30га чейин республиканын аймагында 38 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 44 өрт өчүрүү бөлүмдөрү жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 1-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кыматы.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айылынын Марак көчөсүндө №48 даректе жайгашкан мончонун, жайкы ашкананын жана сарайдын чатыры күйүп кетти. Бул өрт кырсыгы мордун туура эмес курулушунан улам чыккан, деп айтылат маалыматта.

Кемин районунун Кызыл-Суу айылындагы Абди көчөсүнүн №54 дарегинде жайгашкан үйдөн өрт кырсыгы чыгып, бастырманын чатыры, 250 түк чөп күйүп кетти. Буга балдардын отко болгон шоктугу себепчи болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×