Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусу, Кара-Балта 29.12.2014 14:35

Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Turmush -  Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 29-декабрда.

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 28-декабры саат 08:30дан 29-декабры саат 08:30га чейин республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Алсак, Кара-Балта шаарындагы Крылов көчөсү-4, 10-батирдин ээси К. Сүйөркуловго тийиштүү турак үйдүн бөлмөсүндө 12 чарчы метр жыгач полу, үй эмеректери, компьютер, 1 эшик, 1 терезе күйгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр эки баланы сактап калган. Алар 2000-жылы туулган К. Мамырбаева жана 2004-жылы туулган И. Мамырбаев болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×