Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуТүп району 27.12.2014 12:28

Айыл турмушу: Түп районунун Токтоян айылынын тургуну тактай тилүүчү жай ачты (фото)

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылында тактай тилүүчү жай ачылып, иштеп жатат. Бул тууралуу Токтоян айылынын тургуну Максат уулу Калыгул билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдарда Токтоян айылында курулуш иштери көп жүрүп жатат. Айыл тургундары курулуш үчүн тактайларын башка айылдарга жана шаарларга барып тилдирип келишчи. Бул алар үчүн көптөгөн чыгымдарды алып келген.

Айыл тургуну Чымыров Мырзабек тактай тилүүчү жай ачты. Ал өзүнүн тактай тилүүчү станогун алып келүүгө 180 миң сом жумшагандыгын белгиледи.

«Тактай тилүүчү станокту алып келгениме 3, 4–айдын жүзү болду. Алып келгенимдин себеби, элдин керегине жарасын дедим. Станокту алып келгениме 180 миң сом сарпталды. Тактай тилдирүү үчүн жеке эле биздин айылдан эмес коңшу айылдардан да келишет», - дейт ал.

50

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×