Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуБаткен району 25.12.2014 11:17

Айыл турмушу: Бажы биримдигине кошулсак, ортомчуларсыз түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, - багбандар

Turmush -  Баткендеги тоолуу Катран айылынын тургуну Сабыт Саттаров айылдагы белгилүү багбандардын бири.

Turnush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, алма өзүнө таандык жерге алма өстүрөт жана алма анын негизги кирешеси.

С.Саттаровдун айтымында, ал жер астына алма сактоочу жай куруп алган. Багбан белгилегендей, эгерде алманы сактоодо бардык эрежелер аткарылса анда алма сапатын коп убакытка чеин жоготпойт.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында суу тартыш болгондуктан дыйкандардын басымдуу бөлүгү сууну аз талап кылган көп жылдык мөмөлүү бактарды өстүрүүнү колго алышкан. Бирок дыйкандар өндүргөн түшүмүн айрым учурда арзан баада сатып, пайда көрө албай калышат. Катран айылында эле жылына 10 миң тоннага жакын алма түшүмү жыйналат, ал эми алма жакшы болгон айылдардын саны Баткен облусунда арбын. Дыйкандар түшүмүн тажик соодагерлери аркылуу экспортко чыгарышат. Бажы биримдигине кошулсак, Казакстан, Орусияга ортомчуларсыз түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деген дыйкандар алма бактарын көбөйтүүнү колго алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×