Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуМосква району 24.12.2014 11:03

Айыл турмушу: Москва районунун Беловодск балдар үйүндө кышкы бакчада банан багы өсөт (фото)

Turmush -  Москва районунун Беловодск мектепке чейинки балдар үйүндө кышкы бакчада банан багы өсөт, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, кышкы бакча биринчи кабатта жайгашкан. Ал 1991-жылы балдар үйү ачылганда негизделген. Анда салтанаттуу түрдө балдар үйүнө көптөгөн белектерди тапшырышкан, анын катарында Ботаникалык бакчадан алынып келинген банандын көчөтү да белек кылынган. Эми бул көчөт чоң бакка айланып, бийиктиги эки кабатка жетип, үч жолу гүлдөгөн.

«Бир жолу биз бакчада чоң кызгылт көк жалбырактар түшүп жаткандыгын көргөнбүз. Биз көрүп, абдан таң калдык. Мурун мундай болчу эмес. Андан кийин караштырып, банан гүлдөгөндүгүн көрдүк. Жемишин ал аз жана кичинекей көлөмдө берди. Бул биздин шарттар туура келбегендигине байланыштуу болуш керек», - дейт директору Анна Горохова.

«Банан менен биргеликте бакчада чоң көлөмгө жеткен башка дагы өсүмдүктөр өсөт», - деп кошумчалады ал.

14

13

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×