Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуТүп району 23.12.2014 17:58

Айыл турмушу: Түп районунун Тасма айылынын тургуну Б.Саадабаев шамалдан электр энергиясын алуучу прибор жасап алган (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын тургуну Бейшенбай Саадабаев шамалдан электр энергиясын алуучу прибор жасап алган. Бул тууралуу Тасма айылынын тургундары Айгерим Кубатбекова, Чынтурсун Турдуматов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Алардын айтымдарында, Тасма айылынын тургуну Бейшенбай Саадабаев өзүнүн үй-бүлөсүн электр-энергиясынан өксүү кылбаш үчүн, өзүнүн мүмкүмчүлүгүнө жараша шамалдан электр жарыгын тейлөөчү прибор ойлоп тапкан.

«Бул прибор 12 вольт жарык берет. Бул шамал болгондо айылда свет өчүп калса, шамалдан ток берип үйгө жарык берип турат. Ал муну труба калактар менен жасаган аккумулятор орноткон. Күндүз шамал болгондо заряд алат, анан керек болгондо жарык менен камсыз кылат», - дейт Б.Саадабаев.

«Мисалы,сок тарткан станок , жем тартканга майдалоочу аппарат жасап алды жана ошондой эле майда-чүйдө ток менен иштеткен жабдуу жасаган. Эми күчү аз болгондуктан өзүнүн эле үйүн жарык кыла турган шамалдан электр энергиясын жасап алды. Ушул Бейшенбай Саадабаев өңдүү мамлекетке көз каранды болбой. колдорунан көөрү төгүлгөн адамдар кыргыз элинде көп болушун каалайбыз», - дешет айыл тургундар.

81

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×