Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуКадамжай району 23.12.2014 12:05

Айыл турмушу: Кадамжайдагы Бел айылынын тургуну, тарыхчы, санжырачы Ы.Жамбулов 100дөн ашуун тарыхый макалалардын автору

Turmush -  Кадамжай районундагы Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Бел айылынын тургуну, тарыхчы, санжырачы Ымамидин Жамбулов уруулар, жердин тарыхы, анда жашап өткөн улуу адамдардын жасаган эмгектери, айылдардын аталышы жөнүндө жазылган 100дөн ашуун тарыхый макалалардын автору. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ы.Жамбуловдун айтымында, анын алгачкы макаласы туулуп өскөн айылы Бел жөнүндө болуп, «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган.

Советтер союзу мезгилинде колхоз, совхоздордо эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда болгонуна карабастан айылга жер астынан сордуруучу суу насосторун койдурткан.

Маалым болгондой, Ы.Жамбулов 5-уулу, 1кызды тарбиялап, 8 неберенин сүйүктүү чоң атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×