Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуБаткен району 23.12.2014 11:20

Айыл турмушу: Баткен районунун Картаң айылында С.Саттаров жер төлөөдө жылына 15 тонна алмалардын түрлөрүн сактайт (фото

Turmush -  Баткен районунун Катраң айылында жергиликтүү тургун Сабыт Саттаров алма сактап сатуунун көп сырларын жакшы билет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

С.Саттаровдун айтымында, ал жылына 15 тоннага чейин алмалардын «семеренка», «жанатан», «голден 6», сортундагы түрлөрүн атайын өзү курган жер төлөөдө сактайт.  

Ал белгилегендей, алманын узакка сакталышы үчүн бардык шартарды түзгөн. Кышында үшүк албашы үчүн же эрте жазда алмалар бузулуп кетпеши үчүн керектүү темперетураны бирдей кармайт.

Өзү кесиби боюнча экономист-менеджер, жылына мындай ыкма менен өзү өстүргөн 100 түп алмадан сегиз тоннага чейин түшүм алат, мындар сырткары кеч күздө элден дагы  сапаттуу алмаларын сатып алып, кыштан баштап апрель айына чейин атайын жер төлөөдө сактаган алмаларын Ош жана Бишкек шаарларындагы чоң базарларында келишим менен сатып, 350 миң сомго чейин таза киреше алат.

2023

21

24




Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×