Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 22.12.2014 09:52

Айыл турмушу: Кызыл-Кыя шаарына алгачкы шахтерлор дээрлик 100 жыл мурун көчүп келишкен (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаары 1898-жылы калыптана баштап, ал кезде Кызыл-Кыя кен чыгуучу жайы деп аталган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, анда көмүр казылып алынган. Көп жылдар бою анда Орусиядан көчүп келген жарандар жашаган. Келгиндердин биринчи агымы XX кылымдын алгачкы 10 жылдыгына туура келип, алар ачкачылыктан, ээлеринен жана бийликтен качып келишкен. Кен чыгуучу жайдын эң активдүү шахтерлору өз мекенинде көтөрүлүштөрдүн, алгачкы төңкөрүштүн катышуучулары болгон.

Ал эми, келгиндердин экинчи агымы өткөн кылымдын 50-жылдарына туура келип, алардын көбүн Орусиянын Оренбург шаарынан келгендер түзгөн.

1910-жылдан кийин кен чыгуучу жайга Ареевдердин үй-бүлөсү көчүп келген. Иван Алексеевич жана Христиния Лаврентьевна Бугурусландан (азыр Орусиянын Оренбург облусу) көчүп келишкен.

1915-жылы Скобелево шаарында тартылган сүрөттө Ареевдер балдары менен түшүшкөн. И.Ареев шахтада иштеп баштаса, Христиния артелде ашпозчу жана кир жуучу болуп иштеген.

Ошондой эле, өткөн кылымдын 20-жылдарында шаарга Орел жакындарынан Василий Иванович Астафьев келген. Ал бул жерден Самарадан келген Антонида Андреевна менен баш кошкон. Василий Иванович да шахтада иштеп, алгачкылардан болуп «Ленин» ордени менен сыйланган. Алардын уулу Виктор Васильевич Астафьев 1945жылы 9-июнда Ареева Александра Ивановнага үйлөнгөн. Бул согуштун кийинки биринчи үйлөнүү тою болуп, аларды шаардыктардын баары куттуктаган. Алар 50 жылдан ашуун чогуу жашап, чогуу «Кызыл-Кыя» шахта башкармалыгында иштешкен. Виктор Васильевич шахтага 1943-жылы келип, устанын шакирти, тоо чебери, диспетчер болуп иштесе, жубайы 1942-жылы шахтага эсепчи болуп иштеп баштаган. Алар 3 баланы тарбиялап, 8 небересин, 2 чөбөрөсүн көрүшкөн. Учурда шаарда Ареевдер жана Астафьевдердин небере-чөбөрөлөрү жашашат.

Галина «Темир Бетон» Акта экономист болсо, уулу Орусияда шахтада иштеп, Кызыл-Кыя жаратылышты колдонуу жана гелтехнология институтунда окуйт.

Белгилей кетсек, кийинки 2015-жылы алгач көчүп келген шахтерлор династиясына 100 жыл толот.

6

5

4

7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×