Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуАк-Талаа району 20.12.2014 15:05

Айыл турмушу: Фото - Ак-Талаа районунун 25 жаштагы тургуну Т.Ниязов жеке эмерек жасоочу ишкана ачып, 4 адамды жумуш менен камсыз кылган

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 25 жаштагы тургуну Талант Ниязов «Талант мебель» эмеректерди жасоочу ишкана ачып, иш алып барууда. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Аталган ишканада, эмеректердин ар кандай түрлөрүн жасап, аны сатуу менен бирге буйрутма аркылуу сапаттуу эмеректерди жасашууда.

«2014-жылдын июнь айында өз каражатымдын эсебинен 5 миң 500 долларга жыгач иштетүүгө жаңы үлгүдөгү аппарат сатып алгам. Азыркы тапта ишканада 4 жыгач уста иштейт. Алардын айлык-маянасы иштеген ишине жараша төлөнөт. Маселен 10-20 миң сомго чейин акча табышат. Бул усталардын колунан эмеректердин ар кандай түрлөрү жасалып, өндүрүлгөн оокаттар райондун айыл аймактарына сатылат жана жеткирип, аны орнотуп беребиз. Бул жерде жумшак матрацтар, үй эмеректери, кеңсе эмеректери, дүкөн витриналары, каалга-терезелер жасалат. Алар 1000 сомдон 30 миң сомго чейин сатылат. Ал эми, эмеректерге колдонуучу материалдарды Бишкек шаарынан алып келебиз. Сапаттуу фурнитурасы менен жасалат.

«Планыбызда 2015-жылы жумшак эмеректерди, кызга септерти даярдоочу цех ачууну жана курулуш материалдарды сатуучу дүкөн ачууну пландап жатабыз», - дейт жаш ишкер Т.Ниязов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×