Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу 20.12.2014 12:25

Айыл турмушу: Фото - Айдаркендеги Шах-Шах айылынын тургуну Ж.Турдалиев өз үйүнө чакан тигүү цехин ачып, элден буюртма алат

Turmush -  Айдаркен аймагынын Шах-Шах айылынын тургуну жеке ишкер Жеңишбек Турдалиев өз үйүнө чакан тигүү цехин ачкан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

6 ай мурун чакан тигүү цехин ачкан Ж.Турдуалиевдин айтымында, өкмөттөн жардам күтүп олтура бербей, азыркы кезде ар бир адам өзү да аракеттениш керек.

Ал белгилегендей, жубайы да улуттук жана майрамдык кечелерге кийүүчү кийимдерди тигет.

Элден келген буюртмаларды аткарган Ж.Турдалиев келечекте цехти кеңейтип, жумушсуздарды жумуш менен камсыздоону пландаштырууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×